Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Жаңы-Шаар айылында таза суу 11-октябрдан бери жок. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Айылдын элин суу менен камсыз кылуучу бир эле канал бар, анда суу токтогондон бери көлмөлөр пайда болгон. Эл да, ит да, уй да ушул көлмөдөн суу ичет. Айылда жаш балдардын сарык оорусу күчөп жатат. Таза суунун көйгөйү 6-7 жылдан бери чечилбей келет. Ичкенге таза суу жок же өкмөт жардам бербейт", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.