Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы "Тоң" балык өстүрүүчү ишканасынын абалы начар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман кабарлады.
"Ишканада СССР убагынан бери бир дагы оңдоп-түзөө иштери болгон эмес. Мамлекеттен бир да тыйын бөлүнбөйт. Жолдорду, балык баккан көлмөлөрдү суу жеп кеткен. Мунун баарын мамлекет карабайт. Колдорунда техникасы да жок. Бул ишкана өлкөдө жападан-жалгыз балык өстүрүүчү жай болуп саналат. Эгер ушул багытта кетсе, Ысык-Көлдө балыктардын жоголуп кетүү коркунучу бар. Ишкана жылына 300-500 миңге чейин форель балыгынын уруктарын көлгө коё берет", - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.