Тажикстанда дүйнөдө эң бийик таштардын үймөгүнөн салынган Рогун гидроэлектростанциясынын курулушу башталды

Тажикстанда кечээ, 29-октябрда дүйнөдө эң бийик таштардын үймөгүнөн салынган Рогун гидроэлектростанциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу жергиликтүү "Ньюс" басылмасы жазып чыкты.

Дамбаны куруу үчүн Вашх дарыясы жабылганы белгилүү болду.

"Рогун гидроэлектростанциясынын курулушунун расмий ачылышына өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон, тажик өкмөтүнүн мүчөлөрү, парламенттин депутаттары, интеллигенция жана жаштар өкүлдөрү катышты. Алардын баары Вахш дарыясы башка нукка бурулганына күбө болушту. Гидроэлектростанция Дүйшөмбү шаарынан 110 чакырым алыстыкта жайгашат. Долбоорго ылайык, ал 6 агрегаттан турат, ар биринин кубаттуулугу 600 мегаваттка барабар", - деп жазган басылма.

Ошондой эле дамбанын бийиктиги 335 метрди түзүп, мындай түрдөгү гидроэлектростанциялардын дүйнөдө эң бийиги болорун маалымдашат. Учурда объектти курууга 15 миң адам, 2100дөн ашуун техника тартылган. Алгачкы агрегат 2018-жылдын аягында иштеп баштаса, экинчиси 2019-жылдын апрель айында ишке кирери белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
oroskulov1988
2016-10-30 13:17:56
биздин кыйындар качан салышат бизге жомоктой эле болуп калды булардын айтып сала баштаганына уят\
+18
ofcourse
2016-10-30 13:25:26
Tulkunun kuyrugu jerge tiygende salyshat..
-12
Kg.arts.
2016-10-30 13:37:50
Тулкунун куйругу жерге ар дайым тийип турат.
+29
Joomartbek
2016-10-30 14:32:15
ofcourse, Тоонун куйругу эмеспи?
+18
USSRKG
2016-10-30 13:54:47
Мына сага уялып олбойт биздикилер
+14
fea1990
2016-10-30 14:06:50
Аны салган менен свет бербейт элге азыркы учурда 4саат гана жарыктык берет.
-9
MAN-CITY
2016-10-30 14:21:56
fea1990,ошону салуу учун электро энергиясын эконом кылып жатышат алар. Тажикистандын планы, баары кошуна мамлекеттерге электро энергиясын экспорт кылуу, а биздин бийликтегилерде толковый максат жок, бир эле максаты бул креслону талашуу, анткени креслодон чонтоко дайым акча тушуп турат.
+16
Bolunbo.kyrgyz
2016-10-30 17:59:59
MAN-CITY, бизде гес туратго Бакиев куруп кеткен даагы гес курушса ашыкча болуп кететго
-4
MAN-CITY
2016-10-30 18:14:02
Bolunbo.kyrgyz,Гес турса анда эмнеге казакстан менен тажикистандан сатып алат светти? Россиянын русгидро деген компаниясы куруп беребиз дешип, алар жылдын башында отказ кылышты, себеби нахаляву куруп бербейт алар. Эми АША инвестор издеп журот ким бекер куруп берер экен деп.
+5
nzamir
2016-10-31 12:15:42
MAN-CITY, мен тажикстандын мургап районунда жашаймын. союз тарагандан бери свет жок айылдарда. кун чырак мн кун откоробуз. райондун борборунда график мн свет берет ал да конул жылытарлык эмес. ушул гэс ишке кирсе бизгеда свет келип калаар.
+1
bekiw.801
2016-10-30 18:31:09
Bolunbo.kyrgyz, Бакиев баштап кеткен ГЭСти убактылуу өкмөт эптеп септеп бутту кылып жаап койгон. Бирок толук иштебей эле турат окшойт ал гэс
-2
Dadasdasd
2016-10-30 14:32:22
Каримовдун дуйно салуусу жол ачтыго.
+12
aszyma
2016-10-30 16:23:31
Оа светти бизда уномдосок. Бир саа 4саат очурсо бизде да.( Бирок суткага ооруканаларда эч качан очурбоо керек.)
Кичине боосода эконом болот эле.
-8
MIRlan
2016-10-30 16:24:22
Таджикистан боюнча жума күнү кеч 18:30дан тартып 3 саат свет жок болуптур. Нурекский ГЭСте авария болгон деп атышат. Ошондон улам Рахмон куруп баштабасак болбойт окшойт дегенго.
-1
ABDISHkg87
2016-10-30 16:47:17
Молодцы Кура беришсин!
0
T.Shaiyrbek
2016-10-30 18:22:57
бул ГЭС бутсо озбектерге суу отпойт,ГЭСтин басейни 7 жылда толот экен.
+10
Beko87
2016-10-30 18:28:49
Биздикилер крассавчик кресло талашмайдан башы чыкпайт.олконун коогойу тушунода кирбейт!!!
+6
realmadrid32
2016-10-30 18:59:35
Тан бериштида билуу к-к, ийгилик кошуналарга
+5
tursunbaev78
2016-10-31 00:59:04
Супер инфо адамдын,жердин аттары которулбайтта Душанбе деп эле жазса болбойбу,эгерде орустар да которуп алса Понедельник болуп калабы?
+4
bosmos777
2016-10-31 03:09:56
tursunbaev78, Кыргыз кызы жазып жатат! Демек которулат! Бул Кыргыз аалам баракчасы.Ооба дал ошондой болот. Биринчи кун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан