SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндөгү "Чоң ата-чоң энелерибиздин күлкүлүү жоруктары" деген аталыштагы теманын автору форумчуларды жылмайткан окуяларды жазууга чакырган. Темадан алынган билдирүүлөрдү окууну сунуштайбыз:
"Менин чоң атам 93 жашта. Телевизор коюп алат, көрүп бүткөндөн кийин өчүргөндү билбейт, жалпы үйдүн автоматын өчүрүп коёт. Ошондой эле президентибизди дагы эле Бакиев деп ойлоп жүрөт. Гезит окуп калсак эле "Бакыйып эмне жумуш аткарып жатыптыр?" деп сурай берет".
"Чоң энем бирөөгө телефон чалса, "абоненттин аппараты өчүрүлгөн" десе, "Бул кыз өчүк экенин каяктан билип койду?" деп коёт.
"Раматылык энем менен таенем Бишкекке келишкен болчу. Лифт менен түшөлү деп аны чакыртып, "быссымылда" деп киришти. 1-кабатка түшүп лифттен чыкканда "Көлөчтөрүбүз кана?" деп ызы-чуу салышкан. Көрсө, "быссымылда" деп энем көлөчүн чечип кирсе, таенем да чечип кирген экен. Мен аны байкабаптырмын".
"Кары чоң энебиз бар эле, 80ден ашып калган. Бир күнү мени чакырып "Ай, келиним, шаардын эмнесине кызыгып жашап жүрөсүң? Үстүнөн заара кыла берет экен, астынан тосуп иче берет экенсиңер" деген".
"Ал кезде Акаев өлкөнү таштап качкан кез. Үйдөгүлөр Акаев качкандыгы жөнүндө сүйлөшүп жатышса, таенем "Ий, кургур, Акаевдин чөнтөгүндө тыйыны бар бекен?" десе, таятам аябай күлүп "оо, сен пенсияңды которуп жибер" деген".
Темага кирип, чоң ата-чоң энеңиздин күлкүлүү жоруктары менен бөлүшүңүз.