SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Чоң апа" тойдо курсак бийин бийлегенде" деген аталышта видео жүктөлдү.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, видео Казакстанда тартылган. Анда жоолук салынып, аялдын кийимин кийген жаш бала чыгыш бийин аткарат. Видео Казакстандын интернет ааламына жайылып, башкы каарман сынга кабылды. Көп колдонуучулар бул видеонун уяттуу экенин жазып, эркектер эч качан аялдын кийимин кийбеши керектигин жана мындай бий кыймылдарын жасабашы керектигин кошумчалашкан.
Муну менен катар бийчинин дагы таламын талашкандар бар. Алар бийчи артист экенин, бул иш менен каражат табарын жазышкан.
Видеону көргүңүз келсе, бул жерди басыңыз.