Жалал-Абад шаарында Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн комплекстүү баалоо боюнча токтомунун Жалал-Абад облусунда аткарылуусуна мониторинг жүргүзүү жана жергиликтүү калктын милиция кызматкерлерине баа берүү үчүн сурамжылоо жүргүзүү.
Жыйынга облустун бардык район-шаарларынын ички иштер органдарынын жооптуу жетекчилери, милициянын аймактык өкүлдөрү, өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекторлор, Коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү (аксакалдар соту, аялдар жана жаштар комитеттери), жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын жетекчилери, жарандык коом, ИИМдин ардагерлери жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.