ЖЫЛНААМА, 31-ОКТЯБРЬ: 1785-жылы кыргыз элинин XIX кылымдагы атактуу акыны Калыгул Бай уулу туулган

XIX кылымдын биринчи жарымында кыргыз элине кеңири белгилүү болгон нускоочу, ойчул акын Калыгул Ысык-Көлдүн күнгөйүнүн Кара-Ой деген жеринде Бай аттуу оокаттуу, төрт түлүгү түгөл адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Атасынан калган оокатка ээ болуп, ал өмүрү өткүчө эч нерседен кор болгон эмес. Калыгулдун чоң атасы, чоң энеси, алардын бир туугандары жөнүндө маалымат жок, бирок акындын өзүнөн тараган укум-тукуму бар.

Калыгул эр жеткен кезинен эле элге тамсилчи, акын катары тааныла баштайт. Ал көпчүлүк акындардай комуз күүлөп, үн кошуп ырдабастан, алдына келген адамдарга макалдатып айтып берген. Ал төрөлүктүн каадасын сактап, эл жыйналган жерде ырдачу эмес.

Калыгулдун ырларында акыр заман идеясы көбүрөөк орун ээлесе да, санат, насыят, терме, адамдын жүрүш-турушун сындаган, жаштарды адептүүлүккө чакырган саптары да арбын.

Калыгул 1855-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу деген жеринде 70 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Акын өлөрүнөн бир күн мурун алыска жол тартып баратып Чолпон-Атага кире бериш жердеги жолдун жээгин көрсөтүп, "менин сөөгүмдү ушул жерге койгула" деген керээзин айткан экен. Ошонун эртеси Байсоорунда жол үстүндө каза табат. Керээз боюнча сөөк Кара-Ойго коюлган.

31-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан