Аламүдүн районунда жоголуп кеткен 3 жашар бала табылды

Аламүдүн районунда жоголуп кеткен 3 жашар бала табылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-октябрга караган түнү саат 02:17 чамасында Чүй облусуна караштуу Ленин айылындагы үйлөрдүн биринен 2013-жылы туулган Ж.Н. аттуу бала үйүнөн чыгып, жоголуп кеткен. "Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгып, Ж.Н. аттуу баланы апасынын ишканасынан таап келишкен", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан