Өзгөн районунда жаңы мечит колдонууга берилди

Кечээ, 30-октябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында жаңы мечит пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Ош облусунун мусулмандар казыятынан билдиришти.

"150 адамга ылайыкташтырылган мечит 3 айда бүткөрүлдү. Ачылыш аземине Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн диний кеңешчиси Токтосун ажы Жапаров, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Өзгөн районунун башкы имамы Акжол ажы Козубаев, Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Жуманазар Калбаев жана жергиликтүү тургундар катышты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
merim97
2016-10-31 14:18:04
Кара сууга эмес Озгон районуна карайтго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан