Бишкектеги соода борборлорунун биринде 5-6-ноябрда "Алма EXPO" күзгү агрардык жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Диана Токтогулова билдирди.
"Жарманкеге табигый, органикалык продукция даярдаган ишканалар катышат. Катышуучуларды иш-чарада кызыктуу концерттик программа, мастер-класстар, презентациялар жана дегустациялар күтөт", - дейт Д.Токтогулова.
Ошондой эле жарманкеде мода көргөзмөсү, туура тамактануу жана биоазыктар боюнча билим берүүчү лекциялар өтөрү пландалууда.