30-октябрда Бишкектеги Кара-Жыгач токоюнда "Жаш баатыр-2016" фестивалы өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Фестиваль аскердик-патриоттук "Альфа Жаштык", "Баатыр", "Эдельвейс" клубдары, "Альфа" жаштар бирикмеси жана Кыргыз Республикасынын десанттары, УКМКнын ардагерлер уюму, "Ооганстан" ардагерлер союзунун жардамы менен уюштурулганы маалым болду.
"Иш-чаранын максаты - патриоттуулукту ойготуу, кичинекей балдарды жана өспүрүмдөрдү спортко жакындатуу, улуттар арасындагы достукту бекемдөө, экстремизм жана радикализм идеяларына каршы туруу. Фестивалдын алкагында аскердик спорт түрлөрү боюнча мелдеш, чарба-өндүрүштүк азыктарынын, орто кылымдагы куралдардын, жол тандабас жана жарыш унаалардын көргөзмөлөрү өттү", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага 500дөн ашуун адам катышкан.