Өтмөк ашуусунан чыга албай тыгылып калган тажик жаранынын оор жүк ташуучу унаасы жолго чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 31-октябрда билдирди.
"Кечээ, 30-октябрда Транспорт, Айыл чарба жана мелиорация министрликтери менен бирге кечке маал чыгарылды. Жол четине чыгып, карга тыгылып калган унааны чыгаруу үчүн 1 грейдер, 1 кран жана кар тазалоочу 1 унаа керектелди. Бул ишти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас районундагы өкүлчүлүгү көзөмөлдөп турду", - деп билдирди басма сөз кызматынын адиси.
Эскерте кетсек, карга тыгылган унаанын жүгүн түшүрүп, андан кийин тартып чыгаруу сунушун айдоочулар четке кагышкан.