Казакстанда жол кырсыгынан жабыркаган Кыргыз өлкөсүнүн жарандары элчиликке жардам сурап кайрылыша элек

Казакстандын аймагында кырсыкка кабылган соң Орусияга сапар тарткан Кыргыз өлкөсүнүн жарандары Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине жардам сурап кайрылыша элек. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

"Алар менен байланышууга аракет кылып жатабыз. Мага аларды билгендер кайрылганда номеримди берип жатам, бирок мага телефон чалыша элек. Эгерде мекендештерибиз элчиликке кайрылышса, аларга жардам берүүгө даярбыз", - деп билдирди Г.Байымбетова.

Эскерте кетсек, социалдык тармактагы Нуркыз Назаркулова аттуу колдонуучу Москвага бара жаткан автобус Казакстандагы талаалардын биринде кырсыкка учурап, анда Кыргыз өлкөсүнүн 20 жараны жабыркаганын SUPER.KG порталына билдирген. Анын айтымында, оор абалдагы 5 адамды өзбек улутундагы киши Казакстандагы ооруканалардын бирине жеткирген. Жарандар ооруканадан чыгып, Москваны көздөй сапар тартышкан. Н.Назаркулова кырсыктан жабыркагандарга медициналык жана материалдык жардам керек экенин айткан.

Тышкы иштер министрлиги бул окуяны иликтеп жатышканын, Казакстандын органдары бул маалыматты тактай электигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
vangolu
2016-10-31 16:03:37
бизге кайрылса жардам беребиз дебей учкула жоногуло издегиле тапкыла жардам бергиле
+8
Revolyutsiya
2016-10-31 16:15:30
Ушунусуна да шугур. Эми элчилик окуп жатса дагы бир кайрылуу. Москвада жаны курулуп жаткан метролордо иштеген ондогон-жуздогон мекендештер 2-3 айдагы айлыгын ала албай кыйналышууда, анан да кобунун аларды иштеткен фирма менен эмгек келишими тузулбой иштешкен деп угамын. Ошолорго элчилик жардам берип, сот процесси болсо юрист жонотуп, элчилик ошол мекендештерибизге жардам берип койсо жакшы болот эле.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан