Москвадагы өрттөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 300 миң сомдон компенсация төлөндү

Москвадагы өрттөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 300 миң сомдон компенсация төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.

"9-сентябрда Москвада Орусиянын Эмгек жана социалдык коргоо жана Ички иштер министрликтери менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен 27-августта басмаканада каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бүгүнкү күндө 300 миң сомдон компенсация төлөндү. Ошондой эле айлыгын ала албай калган 55 жумушчуга эмгек акылары берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын жарандары Орусияда патентсиз иштей алышат. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, жумушчуларды тартиби менен ишке алуу жана алардын коопсуздугун камсыздоо боюнча активдүү иш-аракеттер жасалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Deniza88
2016-11-01 10:07:42
Мындале эч ким унчукпай калат .....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан