Көк-Жар конушунда 2 жаштагы бала ата-энесинин акчасы жоктугунан ооруканада дарылана албай каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына 2014-жылы туулган С.И. аттуу баланын каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Баланын 20 жаштагы Ж.А. аттуу апасы суракка алынган. Анын айтымында, 27-октябрда баланын абалы начарлап кеткендиктен, ата-энеси аны инфекциялык ооруканага алып барышкан. Дарыгерлер балага ангина (тамактын ичинен шишип, ириңдеп кетүүсү) диагнозун коюшуп, аны ооруканага жаткырууну сунушташкан. Бирок ата-энесинин акчасы жок болгондуктан, бул сунушту кабыл алышкан эмес. Алар баласынын денесине экспертиза жүргүздүрүүдөн баш тартышкан.