ЭЛДИК КАБАР: Нарын районунун Кеңеш айылындагы орто мектеп жылуулук менен камсыздалды

Нарын районунун Кеңеш айылындагы орто мектеп жылуулук менен камсыздалды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Аталган айылдагы Казаалы Абиров атындагы орто мектепте жакшы жаңылык болду, анткени ал жылуулук менен камсыздалды. 40 жыл мурун салынган мектептин экинчи бөлүгүндө жылуулук жок эле. Мектеп директору ар кимге кайрылуу жазып жүрүп, акыры жакшы жыйынтыкка жетишти. Эми балдар жылуу класстарда билим алышат. Башка облустарга салыштырмалуу 6 ай кыш болгон Нарында мектептин жылуулук менен камсыз болгонуна кубанып турабыз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан