Кытайлык кыз жигиттеринен белекке алган iPhone 7 үлгүсүндөгү 20 смартфонун сатып, үй алды. Бул тууралуу маалымат аталган кыздын досу интернеттеги өздүк баракчасына жазып чыккан соң белгилүү болгон.
Маалыматка караганда, Кытайдын Шэньчжэнь шаарынын тургуну жигиттеринен белекке алган телефондорун интернет-дүкөн аркылуу ар бирин 853 доллардан саткан. Ошондо жалпы 17 миң доллардан ашык пайда тапкан. Бул акчага шаардын четинен үй сатып алган.
Кытайлык кыздын мындай кадамга барышына улгайып калган ата-энесине үй алып берүүнү каалаганы себеп болгон. Буга чейин алар аталган шаарда батирде турушчу.
Учурда бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жатат. Айрымдар “Бир убакта кантип 20 жигит менен сүйлөшүп жүргөн?” десе, айрымдары “Муну билген жигиттери кандай абалда болду экен?” деп жазышууда.