Сооронбай Жээнбеков энергокомпаниялардын ишмердүүлүгү канааттандырарлык эмес экенин 31-октябрда калктын жана экономикалык тармактардын 2016-2017-жылдагы жылуулук сезонуна даярдыгы боюнча республикалык штабдын жыйынында айтты.
"Калкты тейлөөнүн сапаты – силердин ишиңерди баалоонун башкы көрсөткүчү. Авариялык абалдарда силерге телефон чалып, байланыша албай жаткан арыздануулар катталды. Калкты тейлөөнүн сапаты – силердин ишиңерди баалоонун башкы көрсөткүчү. Дагы бир белгилей турган нерсе, жалпыга маалымдоо каражаттарында дайыма жогорудагы көйгөйлөр айтылып келатат. Силер баарыңар факт катталгандан кийин маани берип жатасыңар, көп маселелерди алдын ала чечсе болот", - деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.
Ошондой эле бардык энергокомпаниялардын жетекчилерине жергиликтүү мамлекеттик администрация менен бирге калкты тейлөөнү өзгөчө көзөмөлгө алып, көп тармактуу байланыш менен камсыз кылып, маселе менен кайрылгандарга жакшы жооп берүүнү тапшырды.