Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагындагы Гоголь, Маматемин ата көчөлөрүнүн абалы начар. Жолдордун абалы талапка жооп бербейт, мындан улам айдоочуларга ыңгайсыздык жаралууда. Жол четиндеги көлмөлөрдү балыр басып, жыттанып, тегереги таштандыга айланган. Жамгыр жааган учурда аталган жолдон жүрүүгө мүмкүн болбой калат, анткени жолдогу аңдарга суу толуп, унаанын дөңгөлөктөрү аңга кирип, тетиктеринин сынып кетүү коркунучу жаралат.
Жергиликтүү тургун: "Ушул эки жолду тиешелүү кызматтар оңдоп коюшса жакшы болот эле. Маршруттук таксиде баратып ичиндегилер чайпалып кыйналышат. Ал эми жеңил унаалардын асты жерге жакын болгондуктан жүрө албай жатат. Жок дегенде шагыл төгүп абалды жөнгө салып койсо болмок", - деп билдирди.