Өткөн жумада Индияда Дивали майрамы белгиленген. Бул майрамдын урматына аталган өлкөнүн бриллианттарды 70тен ашуун өлкөгө экспорт кылган компаниянын ээси, миллиардер ишкер Савжи Дхолакия кол алдында иштегендерге кымбат баалуу белектерди тапшырган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жумушунда мыкты жыйынтык көрсөткөн кызматкерлерге ишкер белекке 1260 унаа, 400 батир бергени айтылат. Анын айтымында, компаниянын максаты - 5 жыл ичинде бардык кызматкерлерин жеке батир, унаа менен камсыз кылуу. Ошондой эле ал кол алдындагыларга биринчи жолу мындай баалуу белектерди берип жаткан жок. Алсак, 2014-жылы ишкер өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге 200 батир, 400 унаа жана 500 топтом зер буюмдарын белекке берген.
Кызыгы, ушул жылдын жай мезгилинде Дхолакия 21 жаштагы уулун өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан анча чоң эмес шаарга жумуш жана жашоого жай табуусу үчүн жөнөтүп жиберген. Уулу өзү менен кошо бир аз кийим-кече жана керектөө үчүн болгону 100 долларга жакын акча алган.
Маалымат үчүн:
Дивали майрамы Индиядагы эң негизги майрамдардын бири катары эсептелет. Бул жакшылык жамандыкты жеңгенинин символу катары түшүндүрүлөт. Бул күнү көчөлөрдө оттор жагылып, белек же таттуулар таратылат. Индия корпоративдик этикасында Дивали майрамында ийгилик жараткан кызматкер сыйланат.