Бишкектеги Шопоков көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
"Шопоков көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгүн калыбына келтирүү иштерине байланыштуу 1-ноябрдан 3-ноябрга чейин унаа кыймылы үчүн жабылат. Аталган жер тилкени оңдогон жеке компания асфальт төшөөдө бузууларга жол берген. Буга байланыштуу жеке компания өзүнүн каражатына Шопоков көчөсүнүн бөлүгүн калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, аталган жол тилкеси оңдолгондон бир нече күн өтпөй Шопоков көчөсү менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде чуңкурлар пайда болгон.
Ошондой эле Тыналиев көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Сухомлинов көчөсүнө чейинки бөлүгү жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштерине байланыштуу 1-ноябрдан баштап унаа кыймылы үчүн жабылат. Оңдоо иштери 2017-жылдын январь айынын аягына чейин жүргүзүлөт.
"Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана жол тыгындарына кабылбоо үчүн алдын ала жол тандап алуусун суранат", - деп кошумчалаган басма сөз кызматы.