Казакстанда Кыргыз өлкөсүнүн жарандары кабылган жол кырсыгы боюнча маалымат катталган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Казакстандагы элчилиги Казакстандагы жол кырсыгы тууралуу маалыматты тактоо максатында Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Элчилик кызматынын департаменти, Ички иштер министрлигинин нөөмөт бөлүмү, Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети жана Жол полициясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Алар берген маалыматка караганда, Казакстанда аталган жол кырсыгы боюнча маалымат катталган эмес.
"Мындан соң элчилик кырсыктан жабыркагандардын бири Нуркыз Назаркулова менен телефон аркылуу байланышкан. Анын айтымында, 2016-жылы 29-октябрдан 30-октябрга караган түнү саат 05:30 чамасында Казакстандын Актөбө облусунда Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай арыкка көңтөрүлүп кеткен. Автобустун салонунда 18 жүргүнчү жана 2 айдоочу болгон. Жол кырсыгынан айдоочулар жана жүргүнчүлөр ар кандай жаракаттарды алышкан. Жабыркагандар Казакстандын Хромтау районундагы ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн соң 13 жаран Орусияга сапарын уланткан. Ал эми калган бешөө Кыргыз өлкөсүнө кайткан.
Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаа Бишкектен Москва шаарына бара жаткан. Анын ичиндеги жүргүнчүлөр жана айдоочулардын баары Кыргыз Республикасынын жарандары болгон. Кырсыктан жабыркагандардын айдоочуларга дооматы жок болгондуктан, жүргүнчүлөр Казакстандагы тийиштүү органдарга расмий түрдө кайрылышкан эмес", - деп айтылат маалыматта.