Москвада курулушта иштеп жатканда дубал басып калган жарандын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, элчиликтин кызматкерлери оорукана жетекчиси менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Анда Полот Анарбаевдин абалы туруктуу экени, мындан улам ооруканада жата берүүнүн кажети жок экени айтылган. Ошондой эле оорукана жетекчиси жабыркаган адамдын экинчи бутуна жакында операция жасаларын, мындан ары бекер жаткыра албай турганын билдирген.
Буга чейин Москвада курулушта иштеп жатып дубал басып калган Кыргыз өлкөсүнүн жаранына жардам керек экенин Орусияда иштеп жүргөн Улан Кошматов билдирген. Анын айтымында, Полот Анарбаев курулуш ишканасында ортомчулар аркылуу мыйзамсыз иштеп жаткан. Азырынча кайсы курулуш ишканасы экени белгисиз болууда.