Мындан эки ай мурда Азербайжан өлкөсүндөгү Чайирли айылынын жашоочусу Талех Искендеровдун үйүндө 14-наристе жарык дүйнөгө келген. Аны Гүнай деп атап, бирок төрөлгөнүн сыр тутушкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Айдоочу болуп иштеген Талех Искендеров наристелүү болгонун аргасыздан жашырганын мындайча түшүндүргөн: "13-балам төрөлгөндө массалык маалымат каражаттары биз тууралуу жазып чыгышкан. Көп балалуу үй-бүлө катары бизге унаа, шейшеп жана кир жуучу машина берүүнү убада кылышкан, бирок беришкен жок. Анан биз тууган-туушкандар, достордун алдында уят болуп калганбыз".
Белгилей кетсек, Талех Искендеров 45те, ал эми өмүрлүк жары Түнзал Искендерова 37 жашта. Түгөйлөрдүн ортосунда 19 бала төрөлүп, анын бешөө ымыркай кезинде чарчап калган. Учурда 14 баланын жетөөсү эркек, жетиси кыз. Тун уулу Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат кылары айтылат.