SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Айфон 7" үчүн эмнеге даярсыңар?" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Технологиялардын өнүгүшү менен адамзаттын ойлонушу, максаттары да өзгөргөндөй. Телефондор арасында биринен-бири калбай жарыштар болуп жатат. Жакында эле Кытайда бир бийкеч сүйлөшүп жүргөн 20дай жигитин баалуу телефондорго "жыгыптыр". Менин суроом: Силер баалуу белек үчүн эмнеге даярсыңар?"
"Украинанын 5 жараны өз фамилия-ысымын белгилүү үлгүдөгү телефондун атына өзгөрттү, себеби Украинанын белгилүү дүкөндөрүнүн биринде ушундай акция өткөрүлгөн. Болгону атыңды жана фамилияңды өзгөртүп, паспортуңду алып келип көрсөтүп, 1 гривень төлөшүң керек. Өз ысымдарын өзгөртүп, баалуу буюм уткандар 20 жаштагы 2 адам жана 72 жаштагы пенсионер болуптур".
"Мен канчалык баалуу болсо да, буюм үчүн эч нерсеге даяр эмесмин. Сабыр кылсаң акырындык менен баарына жетесиң. Кудайга шүгүр, элден кем калбай эле жүрөм".
"Жездем айтып калды эле, ким чачын алса же кашын кырып салса, телефон белекке алары айтылган экен. Чачын алдыртып, кашын кыргандар болуптур. Угуп алып оозум ачылган. Баалуу буюм, белектерге кызыкпайм деле. Барга шүгүр деп эле жүрөм".
"Бир видео көрдүм. Биздин эле кыргыз кыз телефон үчүн жата калып эркектердин алдында сексуалдуу бийлеп жатат. Мындай курмандыктарга баруу үчүн өзгөчө каалоо, эрк же "доза" керек".
"Баалуу белек алам деп бири атын өзгөртсө, бири намыс дегенди унутат деген эмне?! Кандай жашоого келип калдык?"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.