Москвада "4 жаштагы кызды өлтүргөн" деп кармалган өзбекстандык Гүлчехра Бобокулованы дары-дармектерден улам уйкудан ойгонбой жатканына байланыштуу сот залына алып келүү мүмкүн болбой жатканын ТАСС басылмасы бүгүн, 1-ноябрда жазып чыкты.
"Бобокулова кармалып турган жайдын ооруканасынын башчысынын айтымында, соттолуучу ага берилген дарылардан кийин ойгоно элек. Андыктан сотко жөнөтүү мүмкүн эмес", - деп айткан соттун басма сөз катчысы Ольга Лицарева.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгында 29-февралда Өзбекстандын жараны Гүлчехра Бобокулова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздын ата-энеси кеткен соң аны өлтүрүп, үйдү өрттөп жибергени маалым болгон. Экспертиза Бобокулова психикалык жактан ооруй турганын аныктаган.