Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян Кыргыз өлкөсүнө келет. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Ли Кэцян иш сапарынын алкагында КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев жана убактылуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков менен жолугушары белгилүү болду.
"Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцянды Сооронбай Жээнбеков "Манас" Эл аралык аэропортунун расмий өкүлчүлүктөрүнүн залында расмий тосуп алат. Эки тараптуу жолугушуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп, соода-экономикалык кызматташтык, өнөр жай жана энергетика тармагы, маданий байланыштарды өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну күчөтүү боюнча маселелер каралат. Жолугушуунун жыйынтыгында өкмөттөр аралык жана эл аралык бир катар документтерге кол коюлат", - деп айтылат маалыматта.
Ли иш сапарынын учурунда 3-ноябрда өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынына катышат.