Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериши жарнама тактасына айланды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришиндеги жазууларды көрүп жүрөгүм ооруйт. Биз мындан эки жыл мурун оңдогонбуз. Учурда да тазалап-жууп турабыз, бирок ага болбой эле жазып кете беришет. Ошолорго бир чара көрүлсө дейм. Кире бериштеги эшик жана мурда эсептегич турган жер жарнама тактасы болуп калды. Эмне менен жазып, кагаздарды чаптап кетишет билбейм, тазалап бүтө албай койдук", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.