Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын чек арага алып бараткан унаа Орусиянын Пенза шаарына жетпей кырсыкка кабылды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Жол кырсыгы 1-ноябрь күнү саат 07:00 чамасында Пенза шаарына 50 чакырым жетпей болду. Анда Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаа менен 7 адам Москва шаарынан чек арага миграциялык каттоо кагазынын мөөнөтүн узартыш үчүн бараткан. Бактыга жараша, оор жаракат алгандар болгон эмес. Айтарым, айдоочулар уйкусу келгенде токтоп, уктап алышса", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.