Шашылыш билдирүү! Аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

Аномалдуу жылуу аба ырайынан кийин анын кескин өзгөрүшү күтүлөт: 4-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот, кээ бир аймактарда карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Тоолуу аймактардын унаа жолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. 4-5-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөшү ыктымал. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан