Бишкекте Китеп фестивалы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара 7-ноябрда өтөт. Анда чогулгандарга эркин микрофон берилип, алар өзүнүн чыгармасы тууралуу айтууга мүмкүнчүлүк алышат. Андан сырткары ар кандай багыттагы мастер-класстар, китеп жарманкеси болот. Фестивалдын алкагында көрүнүктүү акын-жазуучулар менен жолугушуу пландалган.