Ленин районунда 600дөн ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөгө акысыз отун жана көмүр таратылды

Бишкек шаарынын Ленин районунда 600дөн ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөгө акысыз отун жана көмүр таратылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда SUPER.KG порталына Ленин районунун Социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Бүбүажар Мамбетсейитова билдирди.

"Күз, кыш мезгилине карата райондогу аз камсыз болгон, турмуш шарты оор 608 үй-бүлөгө отун жана көмүр жеткирилип берилди. Алардын ичинен 164 үй-бүлөгө отун, калганына 1,5 тоннадан көмүр берилди", - деди Мамбетсейитова.

Маалыматка ылайык, акысыз таратылган көмүр жана отундун суммасы 2016-жылдын кыш мезгилине карата жалпы эсеп менен 6 миллион 174 миң сомду түзгөн. Жумшалган акча жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан