Бишкектин четиндеги Маевка айылында тургун малдын кыгын сууга төгүп жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"155-каттамдагы маршруттук таксилер токтогон жерден анча алыс эмес жерде адам үрөйүн учурган нерсеге дуушар болдум. Анда тургун короосунун артынан эки түтүк чыгарып, ал аркылуу малдын кыктарын сууга төгүп жатат. Экология ары турсун, башка элди да ойлоп койбоптур", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.