SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман кайрылып, 617 киловатт электр энергиясы үчүн 724 сом төлөп жатканын билдирди.
"Сүрөттөгү дүмүрчөктү карасаңар, 700 киловаттка чейин 0.77 тыйын деп турат. Бирок мен 617 киловатт үчүн 724 сом төлөдүм. Төлөбөсөң туум кошулат дешти. Мен түшүнбөй калдым, 724 сом болгону туурабы же элди ачык эле алдап жатышабы? РЭСтин кызматкерлерине кайрылсам, "Силер күнүнө 23 киловатт иштеткиле, андан көп болсо компьютер 2 сом 16 тыйындан эсептеп берет экен" деген жоопту уктум", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.