Москвага баратып жол кырсыгына кабылып жаракат алган Жаңыл Жумалиеванын өлкөгө келүүгө каражаты жок болууда

30-октябрь күнү Москва шаарына бараткан автобус кырсыкка учурап, белинен оор жаракат алган Жаңыл Жумалиеванын Кыргыз Республикасына келүүгө каражаты жок болууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда жабырлануучу Жумалиева өзү SUPER.KG порталына билдирди.

"Биз бараткан автобус кырсыкка учураганда аман калдык. Ошол учурда белим ооруп жатканын байкадым. Катуу коркуп калгандыктан, ооруну анчалык сезген жокмун. Москвага жеткенде оорум күчөй баштады. Маңдайкы тиштериме сокку болгондуктан, кыймылдап калды. Абалым жакшы болуп кетер деген үмүт менен артка кайткан эмесмин. Ээн талаада таңга маал ары-бери өткөн айдоочулар да жок болчу", - деди Жумалиева.

Кырсыкка учураган Жумалиева 31 жашта. Ал Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Доскулу айылынын тургуну. Учурда Москва шаарында батирлердин биринде убактылуу жашап жатат. Ал азыр өз алдынча баса албайт. Маалыматка ылайык, жабырлануучулардан кечээ, 1-ноябрда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги кабар алып, бирок алар Жумалиеванын өлкөгө кетүүсүнө жардам берерин айтышкан эмес.

"Москвада калып иштейин десем ден соолугум жакшы болбой турат. Батирдин ижара акысын да төлөөгө каражатым жок. Өлкөгө кетейин десем жол кирем жок. Айылда апам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип, оорулуу болуп калган. Атам жакында каза болгон. Бир туугандарым жардам бере албай жатышат. Кайрымдуу адамдардан үйгө жетүүгө жардам сураймын", - деп кошумчалады жабырлануучу.

Мындан сырткары аталган жол кырсыгына кабылган бир туугандар Нуркыз жана Кенжегүл Назаркуловалар да абалдары канааттандырарлык эмес экенин кабарлашты.

"Сиңдим Кенжегүл башынан жаракат алып, катуу коркуп калган. Түн ичинде чочуп кыйкырып ойгонуп жатат. Менин кабыргам сыныптыр. Азырынча иштөөгө мүмкүнчүлүгүбүз жок", - деди Нуркыз Назаркулова.

Эске салсак, 30-октябрь күнү Москва шаарына бараткан автобус кырсыкка учурап, 20 адам жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Revolyutsiya
2016-11-02 18:10:32
Элчилик жардам беребиз кыязында жооп узатпады беле же бул жон гана эл алдында актануу беле?!! Качан караба мигранттар оз туйшугун оздору тартып журушот. Элчилик, Кыргыз Окмоту жардам колун созуп, оорулууларды Кыргызстанга кайтарып акысыз дарылатып жакшы болуусуна оболго тузсо болмок да. Же бийликке референдум (кенейтилген ыйгарым укуктары), оюн-тамаша (кочмондор оюндары ж.б.) жаны машине, креслолор эле керекпи?!! Качан элдин ахыбалын ойлошот булар?!!...
+9
barakcha
2016-11-02 18:33:02
Менин кабинетимде душ жок деп бироо кошок кошуп окуруп атат.
+9
bekiw.801
2016-11-02 18:36:34
barakcha, озунун уйундо душу жок окшойт да
+3
mishonia8077
2016-11-03 04:01:37
bekiw.801,Душ эмес 2-3 аялы бар болсо керек душ эмне болуп калыптыр
+1
erlist
2016-11-02 23:38:52
Revolyutsiya,элчилик мигрантарга жардам бермек тугул акча шыпырат кайра ал мындайча айтканда шарашкин контора...эч вопрос чечпейт
+4
muzaffer
2016-11-02 19:08:14
Жаныл номеринерди жазып койгулачы.. ХХХ ХХХ ХХХ Билет алып бергенге аракет кылам. рахмат
+19
Ayida
2016-11-02 20:10:34
muzaffer,Аллах ыраазы болсун!Сиз бироонун проблемасын чечсениз Аллах Таала да сиздин проблеманызды чечсин!
+9
muzaffer
2016-11-02 20:24:16
Ayida,амин,амин,амин аллах ыраазы болсун.
+6
admin_portal
2016-11-03 09:56:18
muzaffer, сурооңуз боюнча купуя аркылуу жооп берилди!
0
Shamdagai2013
2016-11-02 21:38:49
Кайсы метродо жашап жатасынар?Биздин квартирага келгиле бекер жашап тургула жок дегенде,акчалай жардам кыла албасак да!
+10
jazmel
2016-11-02 23:05:59
Кыргыз элим озубузго озубуз жардам кылбасак.чонодорубуздун кабинетинде душ жок болуп элге убакыттары жок болуп жатат.аларда чон проблема экен ал.АЛЛАХ шыфа берсин. Ама эсен кайтып келип.оз мекенибизден даарылангыла.аамин
+4
Pandora
2016-11-02 23:06:28
Так номери болсо менин купуяма да таштап койгула
+5
Kroxa
2016-11-02 23:59:26
Кечее эле элчилик абалдары жакшы деп отуруп алып оттоп жатышканын сезгем алардан бир пайда жок..
+3
Uson13
2016-11-03 04:10:14
Элчилике барсаң кыйратып койгонсуп адамга кыйкырышат жардам бербейт алар керек болсо өзүң акча таап кайра кет дешет
+2
_adil_
2016-11-03 04:59:50
Жанылдын номерин бергилечи жолкиресине жардам кылалы
+4
admin_portal
2016-11-03 10:01:33
_adil_, сурооңуз боюнча купуя аркылуу жооп берилди!
+1
Krai
2016-11-03 13:26:02
admin_portal,боорукер адамдар бар экен жардам беребиз деген мекендештер силерди кудайым колдосун оомин окуп алып козумо жаш келди
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан