Абакта жаткан аял бир жарым жылдан кийин гана балдарын көрүүгө мүмкүнчүлүк алды

Абакта жаткан аял бир жарым жылдан кийин гана балдарын көрүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 34 жаштагы Б.Т. мындан бир жарым жыл мурун “адам өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен 12 жылга эркинен ажыратылган. Анын айтуусуна караганда, күйөөсү каза болуп калган. “Соттолуучунун 5 баласы бар. Учурда төртөө балдар үйүндө, улуусу туугандарынын колунда. Анын балдарын абакка алып келгенге эч ким жок болгондуктан, 1,5 жылдан бери көрө элек болчу. Кечээ, 2-ноябрда 9 жаштагы баласын жана 5 жаштагы кызын Эл аралык Кызыл Ай комитетинин кызматкерлери абакка алып келишти. Эми ал 5-ноябрга чейин балдары менен бирге болот”, - дейт аталган мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aibars
2016-11-03 14:19:03
Eneni baladan alys kylbasa eken jaratkan. Tuugandary dele bar bolso kerek baldaryn korsotup koiuuga alyp kelip.
+9
ekaterinburg
2016-11-03 14:40:32
Жараткан эч кимдин башына тушкулук кылбасын ушундайды.(((
+7
aliko78
2016-11-03 14:49:05
Көздөн жаш агат.
+8
zezim2000
2016-11-03 14:53:43
Кудайым озу сактасын........
+3
kyrgyzstan00
2016-11-03 15:55:34
Иий кандай кыйын кун эээ.Журогум эзилип кетти.
+4
Parish
2016-11-03 18:49:26
Ээ кудай эч бир энени баладан ,баланы энеден ажыратбасын.
+3
Gul.08
2016-11-03 23:54:44
Кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан