Нарын облусунун Ак-Талаа районуна 500 тонна көмүр жеткирилди

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна 500 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплекс жана кен пайдалануу боюнча комитети бүгүн, 3-ноябрда билдирди.

"Учурда "Кыргыз көмүр" ишканасынын башчысынын милдетин аткаруучу Мырза Жаманбаевдин билдиргени боюнча, "Кара-Кече" көмүр кенинен Ак-Талаа районунун Баетов айылына көмүр ташылып жатат. Бүгүнкү күндө 500 тонна көмүр жеткирилди. Аталган көмүр кени күнү-түнү кадимки тартипте иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан Ак-Талаа районуна жылытуу сезонуна 2 миң тонна көмүр керектелери маалым болду.

Эскерте кетсек, жакында Ак-Талаа районунун тургундары көмүр менен камсыз болушпаганын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан