Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"ӨКМнын алдындагы Гидрометеорология агенттигинин билдирүүсү боюнча, 2016-жылдын 3-ноябрында саат 20:45тен 4-ноябрда саат 01:10го чейин райондун аймагында катуу шамал катталды. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен. Алдын ала маалыматка ылайык, кыйроолор жок. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.