СУПЕРСТАН: "Аялы каалап жатканда, күйөөсү эмнеге каалабай калат?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аялы каалап жатканда, күйөөсү эмнеге каалабай калат?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Күндөгүдөй эле жубайлар күткөн кеч да кирет. Аялы кечки тамагын даярдап, күйөөсүнүн курсагын тойгузуп, уктоочу бөлмөгө жөнөтөт. Өзү шашып, арыдан бери идиш-аякты жууп, душка кирип чайканып, болуучу ишке даярданып күйөөсүнүн жанына келип жатып калат. Күйөөсү былк этпей, телевизор көрүмүш болуп жатат. Аял күйөөсүнө тийише баштаганда "жөн эле жатчы" деп, моюнда оролуп турган аялынын колун акырын түртүп салат. Телевизорду өчүрүп, ары карап уктамыш болуп жатып алат... Эркектер, эмнеге силер каалаган убакта биз даяр турушубуз керек да, биз каалаган убакта силер даяр тура албайсыӊар?"

"Бизде, тескерисинче, күйөөмдүн оюна койсо, күндө эле каалай берет. Дайыма эле ал баштайт. Мен каалаган учурда күйөөм баш тартпайт".

"Анекдоттогудай болуп жатат го. Бир киши түн жарымында дааратканага кирип, мүчөсүнө карап сүйлөнүп жатат дейт: "Сен каалаган учурда уктап жаткан жеримден да турам, а сен акмак, мен каалаган учурда турбайсыӊ!"

"Ар кандай абал болушу мүмкүн. Катуу чарчаган болсо, албетте, каалабайт да. Теңелгиңер келсе ал каалаганда силер да бербей койгула".

"Бул нерсе эркектердин миӊден биринде болушу мүмкүн. Мындай нерсе болушуна ишене бербейм, себеби биз, эркектер, көчөдө ар кандай айымдарды көрө берип, "шашпа, үйгө барайын" деп тиштенген боюнча үйгө келебиз да".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
radroy
2016-11-05 10:11:11
Jakshy
-2
Arslan12
2016-11-05 10:50:14
Мен кундо каалайм неге
-7
bom.bon
2016-11-05 11:53:33
Супер уят эле бул жака канча жаштар кирет
+17
tashi62
2016-11-05 12:19:51
Мыйзам ченемдүү нерсе бул.
0
azamat.k
2016-11-05 12:37:20
Бул нерсени АТАШКАдан сурагыла,эмнеге бербей жатканын билет го.
+3
Revolyutsiya
2016-11-05 12:40:44
Уят эмеспи?!! Тошок мамелелерин жалпыга шардана кылып!!! Бул жерге улуу муун, жашы жете элек оспурумдор кирет. Ал эми катталамын десе 10 жашар бала да каттала алат жашын озгортуп...
+16
adyl.xxxxx
2016-11-05 14:05:39
Revolyutsiya,көргүсу келген бала башка жерден деле көрүп алат, тим эле ыймандуу боло каласың да заматта.
-10
nzamir
2016-11-05 12:45:05
болбогон кеп, эркектер каалабаган кун болбосо керек. мисалы озум кундоле каалайым аялымдын жанын койбой кыйнап кундо
-6
nargis
2016-11-05 13:44:02
Мусулмандардын башка диндегилерден айырмачылыгы уят сыйда болсо керек ,билбедим башкаларды мен мындай темадагы создорду достор менен да суйлошкондо тартынам.
-2
erlist
2016-11-05 14:09:12
Секс-бу уй булодогу негизги факторлордун бири болуш керек эгер ал начар болсо уй було бузулушу мумкун же ойнош куткон ошондон келип чыгат болуш керек...
+3
ERCHOROEV
2016-11-05 16:09:26
Жаштар бузулду бузулду деп какшайбыз эмнеге себеби ушуга окшогон ообу жок темалар бузат. Ушундай темалардан башканы жазгыла сураныч же адамдар комент жазгандарды окуп редакция кайф алабы билбейм.
+3
ERCHOROEV
2016-11-05 20:17:55
Аллах таалам айтат. Тунду бергенимдин себеби жан жаныбарлар уктоо учун жана интимдик мамиле болуу учун дейт. Ким аялы менен аялы куйоосу менен тошокто эмне болгонун бироого айтса ал ото чон куноо кылган болот. Себеби Аллах бул интим мамилени жашырган корунгон жерде айбан сымал интим мамиле бобосун деп. А биздин редакция бул теманы чыгарып адамдардын интим мамилесин элге айтканга себепчи болуп жатат. Интим мамилени айткан да ошол теманы которгон редакция да чоон куноо кылып жатат. Унутпа.
+10
Jyrgal_msk
2016-11-06 15:32:18
Суперстанда баары турат,ошол жакка кирип окусун каалаган адам.Башкы бетке башка тема табылбай калгансып ушуга окшогон нерселерди чыгара бересинер.
+1
Magusi
2016-11-06 21:59:22
Кулкулууго озунчо эле.... Куйоосу кочодон тамак ичип келип алса керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан