Эгиз кош бойлуу болгон Надежда Богданова Бишкектеги №4-төрөт үйүндө биринчи кызын аман эсен-төрөп, экинчи ымыркайы төрөт учурунда чарчап калган. Анын айтымында, окуя 28-октябрдан 29-октябрга караган түнү болгон.
"Ошол түнү №4-төрөт үйүнө түшкөм. Төрөтүмдү Миргүл Исмаилова кабыл алды. Алгач кыз төрөдүм. Экинчисин төрөгөнгө алым келбей калды. Мындан улам жатынды ампутация кылып, баланы күчкө салып тартып алышты. Ымыркайдын көздөрү шишип, денесинин баары көк ала болуп кетиптир. Алгач мага эч нерсе түшүндүрүшкөн жок. Кийин баламды №3-балдар ооруканасына алып барышып, ал жакта жүрөгү токтоп калганын айтышты. Мындай окуянын келип чыгышына дарыгерлерди айыптайм", - дейт Надежда Богданова.
Ал эми аталган төрөткананын башкы дарыгери Бурул Алмазбекова чынында эле ымыркайдын каралбай калганын айтты. "Төрөттү кабыл алып жаткан акушер-гинеколог ичтеги баланын жүрөгүн тыңшап, бир мандем бар экенин сезген. Мындан улам ал нөөмөттөгү дарыгерлерди издеген, бирок алар да бошобой калышкан. Ошол учурда ымыркай каралбай калган", - дейт башкы дарыгер.