Бишкек шаарында көп жылдык роза гүлдөрү кыркылып, жылуулоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек шааардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыш мезгилине карата дарактардын куураган бутактары буталып, коопсуздандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары эс алуу бактарында көк майсандарды жалбырактардан тазалоо иштери аткарылып жатат. Бүгүнкү күндө 105 441 даана роза гүлү кыркылып, жылууланды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, роза гүлдөрүн кыркуу 100 пайызга аяктаган. Ал эми жылуулоо иштери 90 пайызга аткарылган. Белгилүү болгондой, Бишкек шаарында роза гүлүнүн 15тен ашуун түрү бар.