Брэд Питт балдарына камкордук кылуу укугун берүүнү талап кылып сотко кайрылды

Бир кезде таттуу түгөйлөр деп айтылып келген актёр-актриса Брэд Питт менен Анжелина Жолинин чырлуу ажырашуу процесси узакка созулат өңдүү. Буга чейин Брэд балдарын Жолиден талашпай, толук көзөмөл, камкордук кылуу укугун берип келсе, жакында эле Анжелина Жоли менен бирге балдарга камкордук кылуу укугун талап кылып чыкты. Актёр балдары Пакс, Мэддокс, Захара, Шайло, Вивьен жана Ноксомго жеке жана юридикалык жактан камкордук кылуу укугун берүүнү талап кылып сотко кайрылды. Азыр мындай укук бир гана Жолиге берилген. Питт документтерде аялы менен ажырашкан күн 15-сентябрь экенин жазып, себебин "түрдүү пикир келишпестиктер" деп көрсөткөн.

Учурда ФБР (ФТБ - федералдык тергөө бюросу) жана Балдарды коргоо боюнча департамент Питтке карата "өз балдарына зомбулук көрсөткөн" деген айып боюнча текшерүүнү улантышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан