Жек Сен-Клер Килби 1923-жылы 8-ноябрда АКШнын Миссури штатындагы Жефферсон-Сити шаарында туулган. Грейт-Бенд аймагындагы мектепти аяктап, Урбан-Шампейн шаарындагы Иллиной университетинде бакалавр даражасында билим алган. 1947-жылы Висконсин-Милуоки университетинде электротехника боюнча магистрдик билим алып, ошол эле учурда бул шаардагы "Centralab" компаниясында иштеген. 1958-жылдан 1983-жылга чейин АКШнын Даллас шаарындагы "Texas Instruments" компаниясында иштеген. 1958-жылы Ж.Килби интегралдык схеманы патенттеген.
1978-жылдан 1985-жылга чейин ал Техас айыл чарба жана машина куруу университетинде профессор, 1967-жылы АКШнын инженердик академиясынын мүчөсү болгон. 1967-жылы чөнтөк калькуляторун жана термопринтерди ойлоп тапкан. Алгачкы электрондук чөнтөк калькулятору 1967-жылы ”Покетроник” аталышы менен сатыкка чыккан. Калькулятордун экраны катары принтердин кагаз тасмалары колдонулган. Жаңы ойлоп табылган калькулятор күнүмдүк колдонулуучу буюмдарга интегралдык систем атаандаш боло ала турган потенциалын көрсөткөн. 1969-жылы АКШнын улуттук илимий медалы менен сыйланган. Окумуштуу 1958-жылы интегралдык микросистемди ойлоп тапкандыгы үчүн Нобелдик сыйлыктын лауреаттыгына татыктуу болгон.
Ж.Клиби 2005-жылы 20-июнда Даллас шаарында көз жумган.
8-ноябрга карата жылнаама.