ЭЛДИК КАБАР: Кулундулуктар кышында таза суусуз калган айылдарга сууну кудуктарда сактоону сунушташууда

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылында күз мезгилинде каналдагы суу токтогондо таза суу жок болот. Эл өзүн таза суу менен камсыз кылыш үчүн сууну кудуктарда сакташат. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда SUPER.KG порталына окурман билдирди.

Анын айтымында, кудукта сакталган суу май айларына чейин кеңири жетет. "Кээ бир таза суусу жок айылдар мамлекеттен үмүт кылып отурбай эле ушундай кудук жасап, сууну ушинтип сакташса болот", - деп сунуштады окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
konurat.93
2016-11-12 16:34:09
Биздин уйдо да бар 15 тоннага ылайыкталган 150000 сом короттук
+1
Rifle_I
2016-11-12 18:34:05
Бизде 6 тонналык бар, 50000 сомдун тегерегинде бүттү.

Бирок биз мотор менен тарта турган кылганбыз. Сүрөттөгү кооптуу экен, түшүп кетиши мүмкүн жаш балдар суу алса. Анан сууга жаман нерселер түшө тургандай экен. Жанынан ручной насос коюп койсо болмок экен.
+1
ainura220888
2016-11-12 17:04:42
Бизде да бар 7тонналык. Жайында суу муздак боюнча тура берет. Биздин айылда баардык уйдо бар матор менен чыга турган кылып уйунун ичинен чыга турган кылып коюшкан. Светке окшоп эле включателди бассан суу чыгат))) Кудук жакшы нерседа. Мурда биздеда жайында суу жетбей крандан суу чыкбай машиналар менен башка айылдардан алып келип ичет элек азыр элдер уйунун ичине аристон коюп, душевая кабина же ванна орнотуп оздоруно условия тузуп калышкан. Кудука сууну куйдуруп алат. Бир водавоз суу 600-700сом
+2
azamat.k
2016-11-12 17:11:08
Бизде да бар эки тонналык кудук,суу чыкканда шланганы салып коёбуз.Крандан кээде суу чыкбай калган кундору абдан чон пайдасы тийет.Кранды ачканда эле суу мотор автоматически иштеп,уйдун баарын аристон менен ысык суусу даяр болуп турат.Жашоо шартты озубуз учун женилдетишибиз керек,жашоо эн оной просто кээ бирибиз жашашты билбейбиз.
+1
dina1983-19
2016-11-12 17:25:05
azamat.k, Баары эле жашашты билип калган ошол жеңил жашоого жетүү үчүн акча каражат жетиштүү болуш керекда.
+4
Rifle_I
2016-11-12 18:42:16
Керек болсо акчаны тапса болот. Башкалар кантип жашап жатат ? Иштесе акча келет да.

Жепжутаттар элге тийишпесе эле, эл байып жашайт. Чек араны, жолду , электр жарыгын, таза суу менен камсыз кылып карап койсо болду.
+1
bond0202
2016-11-12 17:42:27
ушундай керектуу нерсеге жумшабай кереги жок жака чачабыз да акчаны
+1
Rifle_I
2016-11-12 18:42:30
bond0202,тойгобу ?
0
Targarien
2016-11-12 20:47:39
Бул кудукка сактаган суу тура берип булганып ичинде мителер оорчуп кетпейби Аны атайын фильтрден откозуп анан кайнатып ичпесе болбойт
+2
Dimonbek
2016-11-12 21:09:49
Бакалар түшүп калсачы
+2
aiturgasha
2016-11-12 22:13:49
Dimonbek, Бака тушпойт. Устун ключтоп коебуз. Водавоз келгенде гана ачылат.
Суу эскирбеш учун , тез туготуш керек же азыраак куюш керек.
+1
Kroxa
2016-11-12 22:51:22
А сууну жерден эле сордуруп чыгарышса болбойбу,вакумный насос менен суу сатып алганынар жаман экен,а турган сууда озунон озу эскиргенде балырлар пайда боло баштайт мин ключтап койсон деле,,ден соолукка ото коопту кудай сактасын ысык колдо ар бир уйдо суубуз кенен кесири суу проблемабыз жок,,тфу,тфу болбой эле койсун...
0
Tak
2016-11-15 16:09:08
Суу чыкпай турган каксоо жерлер бар.
Бизде да 10 тонналык кудук.Күздө толтурсак,жайга чейин жетет.Бузулбайт,таптаза,муздак.Дөңгө курулган үйгө түтүктөн агып келет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан