ЭЛДИК КАБАР: Толук айыл аймагынын тургундары ашар жолу менен таза суу чыгарышууда

Токтогул районунун Толук айыл аймагында жергиликтүү тургундар ашар жолу менен таза суу чыгарышууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда SUPER.KG порталына окурман билдирди.

Анын айтымында, буга айыл өкмөттүн бюджетинен 450 миң сом бөлүндү, калган каражатты эл өзү чыгарды. "Суу түтүгүн алып өтүү үчүн 6 чакырым жерди кол менен казышууда. Иш бүткөндө 200дөн ашык кожолук суу менен камсыз болору күтүлүүдө", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
dina1983-19
2016-11-13 13:21:12
Эл өзүнү өзү ушинтип эле кыйынчылыктарын (проблема) чечип келишет Кыргыз эли эгемендигин алгандан бери. Чоң сөрөйлөр эшектин тушоосунда чече алышпай калды. Айыл эли ынтымакта болуп ушинтип көйгөйлөрдү бирге чечишип жүрөбергиле. Азаматтар демекчимин демилгечилерге.
-4
Bek4590
2016-11-13 13:37:59
Яшагила, манашундай иштер коп босо.
-10
azim14
2016-11-13 14:00:24
негизинен туура чондорду кутуп олтура берген болбойт да, кутсо деле баары бир аткарышпайт
-5
Rifle_I
2016-11-13 14:23:54
Аларды угуш керек. Куудулдардан да аша сүйлөшөт күлдүрүп. Жол кирени жок кылам жеп чыгышты го Кыргызстан партиясы :).
-7
rejepova
2016-11-13 14:34:56
минустарды кайсы "балашка" басып жатат!
-5
Talantbek1994
2016-11-13 14:36:05
Азаматтар. Биздин айылда да ушинтип таза суу алып келгени эсиме түшүп кетти. Өкмөттөн труба алганга эле бир аз акча кошулган калганынын эл өзү жыйып өзү труба сатып алып келип, 1 км дей жерден алып келишкен бир канча жыл мурун. Өкмөттүн өкмөт деген эле аты болбосо кылган ишинин дайыны жок ((((
-5
tashi62
2016-11-13 16:06:36
Бүгүн дем алыш болуп баары минус басып жатат окшойт .
+6
isnur93
2016-11-13 16:55:07
Тушунбодум кыскасы..
-5
isnur93
2016-11-13 16:58:45
Бирок 450мин жакшыле акча,ыраазы болуп эле жетпегенин жеткирип бутуро бергиле.Канча эл журот таза сууга жетпей же мамлекеттен жардам жок же оздору жеткире алышпай.
-4
tynkatar03
2016-11-13 17:47:58
Душман каптап кеткен го бизди бугун баарына минус басышыптыр генин д е р..
+9
batkendik.18
2016-11-13 18:32:20
Негизи кыргыздар бийликтен эч нерсе кутбой калдыкко.Эл учун иштебей эле койсун анысыда майли жерди сатканыга алдырып койгонун ойлосон ээх журогун ооруйтда
-1
Gul14kA
2016-11-13 18:50:40
Менин туулган жерим ! Азаматсыздар! Айылым тынч,элим аман болсун!
-6
kachy0212
2016-11-13 19:49:50
Туугандар бул иш чара Толук айыл өкмөтүнүн башчысы Азиз Кадыровдун күчү менен жазалып жатат терен ыраазычылык билдиребиз элге таза иштейт деп ушуну айтыш керек кана эми баардык чондорубуз ушундай иштесе
-3
DNurgiza
2016-11-13 21:20:43
Биздин айыл гооо
-3
Erlan_95
2016-11-13 22:49:36
----------------------
-4
Ni9z96
2016-11-13 23:21:11
Азамат мамлекет таза суу чыгарып берет деп отура беиштин кереги жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан