SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кетмен көтөрүп талаада иштеген күндөрдү эстейбиз" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Ойлонуп жатып, талаага чыгып кетмен чапкан күндөрүм эсиме түшүп кетти. Баарыбыз чыкканбыз, жок дегенде эшиктин алдындагы огородубузду отогонбуз. Ал эми шаардык туугандарыбыз каникулга келгенде чоң аталарыбыз аларды биз менен талаага чыгарып койчу эле. Көбүнчө күн карама, жүгөрү, кызылча, пахта, кулпунай, дагы ушул сыяктуу нерселер көп айдалат. Алар да аздан эмес, гектарлап айдалат эмеспи. Биз талаага майда-чүйдө көп деле айдаган жокпуз, бирок мал менен иштечүбүз. Туугандарыбыз айдап, аларга жардам бергенге көп эле бардым. Бир күнү күн карама жыйнаганы баргам. Ойсоңдоп жоолук салынбай кирип, чачымдын баарына уйгак жабышып калыптыр, узун чачымды жулуп жатып араң тазалагам".
"Бизде чөп чабуу маалы келгенде атам чөмөлөгө чыгасың дечү. Мага талаа иштерине чыккан жакчу эмес. Иним экөөбүз талаага барып жумуш кылбай, уктап, телефондун музыкасын коюп бийлеп алып үйгө келчүбүз. Эртеси күнү атабыздан көп тил уктук".
"Бир жылы биз 4 гектар жерибизге жүгөрү айдаганбыз. Аны чогултуу маалы келгенде баарыбыз талаага чыкканбыз. Байкем, жеңемдер жакшы иштешти. Мен моралдык жардам кылып, сүйлөп берип турдум".
"17 жашыма чейин кетменди далай жолу чапкам. Ата-энем бир мезгилде ооруп калышып, инилерим жаш, менден улуулары шаарда окуп жатышканда көп түйшүк моюнга түшкөн. Күн ысыганча талаа иштерин жасачумун. Чак түштө тамак жасап, жаңыдан баскан инимди жетелеп ооруканага барчубуз. Күн салкындаганда кайрадан талаа иштерин жасачумун. Үйүбүздөн алыс жайгашкан жер тилкебизге кетмен көтөрүп баруудан, араба менен үрөндөрдү ташуудан уялар элем. Айла жок, жасоого туура келчү. Күндүн нуруна бөлөнүп, капкара болуп күйгөн күндөр көп эле болгон. Талаа иштери бейтааныш эмес".
"Кетмен көтөрүп талаага чыкпасам да, огородобуз чоң эле. Жазында көчөт отургузуп, аны отоп-сугаруу башталганда далай оюндан калдым го. Азыр ошол огороддун жер-жемишине зармын, аттиң".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.