Кара-Кулжанын Ой-Тал айылына электр жарыгы берилди, 2 айыл дагы эле жарыксыз калууда

Кара-Кулжа районуна караштуу Ой-Тал айылына 19-ноябрда кечинде электр жарыгы берилди. Бул тууралуу 20-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Ал эми Кызыл-Жар жана Алайкуу айылдары дагы эле электр жарыгысыз калууда.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда Кара-Кулжа районунун бир катар айылдарында жааган кардын калыңдыгы 1 метрден ашкан. Анын кесепетинен Ой-Тал, Капчыгай, Кызыл-Жар жана Алайкуу айылдарында электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Андан сырткары Ой-Тал айыл аймагынын Көңдүк айылында, Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек, Коо-Чаты айылдарында, Алайкуу айыл аймагынын Көк-Арт айылында ички чарбалык жолдор жабылып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
adilbars
2016-11-20 15:37:33
Москвага чалышсын!
+1
Aygir
2016-11-20 18:33:28
Кайран СССРдин жоктугу.Алайкуу чүчкүргондо Москва титиреп турчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан