
Роботтордун адамга зыян келтирген алгачкы учуру Кытайдын Шэньчжэнь шаарында катталды (Гуандун провинциясы, Түштүк Кытай). Бул тууралуу "Сина" маалымат порталы жазып чыкты. Интернет колдонуучулары бул окуяны
"балдарга арналган роботтун күтүүсүз акылынан айныганы машиналардын көтөрүлүшкө чыкканын билдирет" деп жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, окуя жогорку технологиялар чөйрөсүндө кызмат көрсөткөн 100дөн ашуун компаниянын товарлары коюлган көргөзмөдө болгон. Көргөзмөдөгү R2-D2 роботу кароосуз калып, белгисиз себептерден улам жанында турган буюмдарды талкалап баштаган. Аны токтотууга аракет кылган кызматкерге да тап берип, бутун басып кысып баштаган. "Козголоң чыгарган" роботтун салмагы эле адамдын бутуна олуттуу жаракат келтиргенге жараган. Себеби кызматкер өзү баса албагандыктан, "Тез жардам" кызматы чакырылып, замбилге салып көтөрүп чыгып кетишкен.
Роботту иштеп чыккандар эмне үчүн мындай болгонун түшүндүрүп бере алышкан эмес. Алардын билдиришинче, робот 4 жаштан 12 жашка чейинки жаш балдар менен ойноого, алардын көңүлүн көтөрүүгө ылайыкташтырылып жасалган болчу. Баасы 1400 долларга жакын.
Бул окуя интернетте кызуу талкууланып, "адамзатка каршы согушта робот башкы каарманга айланат" десе, башкалары "робот Кытайда жасалганына нааразы болгон" деген билдирүүлөрдү калтырышкан.