Ак-Ордо конушунда кош бойлуу эне 8 айдан бери медициналык каттоого тура элек

Кош бойлуу Гүлжан Шаршеналиева 8 айдан бери Бишкекте медициналык каттоого тура албай жатат. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-ноябрда SUPER.KG порталына билдирди.

"Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда 4 жылдан бери жашайм. Учурда 8 айлык кош бойлуумун. Каттоого турайын десем, жергиликтүү медициналык кызматкерлер "чарба китепте кайсы аймакта катталсаң, ошол жерге барып медициналык каттоого тур" деп жатышат. Айласыздан Ат-Башы районуна барып каттоого туруп келдим", - деп билдирди Шаршеналиева.

Белгилүү болгондой, кош бойлуу эненин 2 баласы бар. Ал балдарын буга чейин жашап келген Ат-Башы районунда төрөгөн. Соңку жылдары турмуш шартына байланыштуу борбор калаада жашап жатат.

Ал эми дагы бир жашоочу Гүлзат Рустамова уулун мектепке бере албай жатканын айтып, нааразычылыгын билдирди: "Мен өзүм мугалиммин. Балам алты жарым жашта. Быйыл башталгыч класска киргизем деп 3 ай бою чуркап жүрүп мектепке киргизе алган жокмун. Ак-Ордо конушундагы мектеп жетекчилиги "орун жок, Ак-Ордо-3 конушунун жашоочулары бизге карабайт" деп кабыл албай койду. Биздин конушта каттоосу жок аялдар ооруканаларга көрүнө алышпайт. Кызмат көрсөтүүнүн баары акча менен чечилип калды. Жаш келиндер төрөгөндөн да коркуп жатышат, анткени бизди ооруканага кабыл албайт".

"Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Сокулук районунун акими, Новопавловка айыл өкмөтү 3 жылдан бери калкты каттоого алуу, электр энергиясын тартуу маселелерин чече албай жатат. Кыргыз өкмөтү, депутаттар бизге окшогон карапайым элге жардам берсе болот эле", - деп кошумчалады Рустамова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
atyra01
2016-11-21 15:57:51
чындыгында ошондой мен да ак -ордонун тургунумун бирок ак ордодо мектеп жок балдарыбыз ак оргого барып окуйт директору акча алмайын жолотбойт дагы
+4
Stervamyn
2016-11-21 17:13:22
Мен Ак ордодо 5-6 айдай жашап,анан айыл окмотунон "убактылуу жашайт "деген справка менен эле 4айлык боюмда бар кезде ,эч кандай проблемасыз учетко тургам.Гинекологго болгону карточкага деп 200 сом бергем.Ар адам озунун укугун билиш керек!албайбыз десе эле,унчукпай кетип калбай,оз укугунду айтып туруш керек.Постоянное место жительства болбосо да,убактылуу справка менен алганга милдеттуу алар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан