Аксыда жылкыларын издеп Өзбекстандын аймагына кирип кеткен жаран кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 21-октябрь күнү 24 баш жылкы жайытта жүрүп, Сөгөт-Сай тилкеси аркылуу коңшу Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Аны издеп, айдап чыгууга аракет кылган Акылбек Боронбаев өзбек чек арачылары тарабынан кармалган.
"19-ноябрь күнү эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин өзбек чек арачылары Курулуш айылынын тургуну Акылбек Боронбаевди жана жылкыларын Ала-Бука районунда жайгашкан "Баймак" чек ара тозотунан өткөрүп беришти", - дейт Мыктыбек Турдубеков.
Айта кетсек, 2016-жылдын 10 айында Жалал-Абад облусунун аймагынан Өзбекстанга жалпысынан 162 баш мал кирип кеткен. Алардын ичинен 49 жылкы жана 99 кой-эчки кайтарылды.